Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу тартиби өзгөрдү
Ысык-Көл облусуна кирип жана чыгууга уруксаат берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында экономиканын көпчүлүк тармактарындагы иштер жандандырылгандыгына байланыштуу облуска кирүү жана чыгууда чектөөлөр менен тыюу салуулар алынып салынды.
“Болгону бир гана шарт коюлган, облустан облуска кирген учурда жарандар паспортторун, кайсыл жерге катталгандыгын көрсөтүшөт жана дене табы текшерилет. Облуска кирип жаткан эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана аларды коштоп жүргөн жарандар тыкыр текшерүүдөн өтүшөт. Аларды бара турган жерине чейин тиешелүү кызматкерлердин коштоосунда жеткирип, кайра облустан чыгарып коюу шарттары каралып жатат”, - деди Дамир Моңолдоров.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: